КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 7-июну ПЖ № 253
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 95-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалсын:
- Кайыпов Самат Таштанович;
- Назирдинова Чолпон Жыргалбековна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |