Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын кезектеги II- сессиясы
2017-жылдын 04-февралы № 1
“Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү Кара-Камыш алтын кени жөнүндө”
Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын кезектеги III- сессиясы, Кара-Суу айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын корутундусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Камыш алтын кени ачылбасын жана анализ алууга да тыюу салынсын.
2. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн karasuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Азимбаевага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Чалыбаев. |