Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 25-июну ПЖ № 271
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиндеги Антикоррупциялык кызматты жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиндеги Антикоррупциялык кызмат жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруу чараларын көрсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |