Редакцияот 17.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2021-жылдын 17-июну ПЖ № 266

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында саясий

мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларды ротациялоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын бар болгон кадрдык потенциалын натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын ишин тиешелүү мыйзамдык акты кабыл алынганга чейин укуктук жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылар (мындан ары - мамлекеттик кызматчы) ротация тартибинде (конкурстан тышкары тартипте) башка мамлекеттик органдардагы бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы бош административдик муниципалдык кызмат орундарына (мындан ары - административдик кызмат орду) которулушу мүмкүн;

- ротация кылынганда мамлекеттик кызматчынын эмгек акысы которуу жүргүзүлгөн административдик кызмат орду үчүн аныкталган эмгек акы төлөөнүн шарттарына ылайык белгиленет.

2. Мамлекеттик кызматчыларды ротациялоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт деп аныкталсын:

- которулуп жаткан тиешелүү административдик кызмат орду үчүн белгиленген квалификациялык талаптарга мамлекеттик кызматчы туура келген шартта жогорку, башкы жана улук административдик кызмат орундарына;

- кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана коррупциянын тобокелдигин азайтуу максатында ротациялоо жүргүзүлгөн учурларды кошпогондо, мамлекеттик кызматчынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен;

- мамлекеттик кызматчы которулуп жаткан мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин буйругунун негизинде. Бул учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин буйругунун берилген көчүрмөсүнө ылайык мамлекеттик кызматчыны ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим чыгарат.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси:

- ротацияны жүргүзүүдө мамлекеттик кызматчыларынын потенциалын сарамжалдуу пайдалануу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун көтөрүү, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана коррупциянын тобокелдигин азайтуу, мамлекеттик кызматчыларга карьералык дем берүү максаттарын жетекчиликке алсын;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасына таандык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарды ротациялоону Кыргыз Республикасынын Президенти менен алдын ала макулдашуу боюнча жүргүзсүн;

- каршы келгендиги документ менен милдеттүү түрдө ырасталган учурда, ден соолугунун абалы боюнча каршы келген кызмат ордуна мамлекеттик кызматчыны ротациялоо жүргүзүүгө жол бербесин.

4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына ушул Жарлыктан келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин.

5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров