Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 19-майы ПЖ № 192
Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү жөнүндө
Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлүнүн ишин камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ушул Жарлыктын аткарылышын камсыз кылсын.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 21-майындагы № 62 (3241) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
КР Президентинин 2024-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 37 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ