Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-майындагы ПЖ № 192 Жарлыгына) |
Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү (мындан ары - атайын өкүл) 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунун мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик участкасындагы окуялардын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдашылган жана координацияланган ишин, жарандык коом, жеке сектор, эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызмат адамы болуп саналат.
2. Атайын өкүл Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
3. Атайын өкүл өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Атайын өкүл Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берет.
2. Атайын өкүлдүн негизги милдеттери
5. Атайын өкүлдүн негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштуруу жана координациялоо, ошондой эле Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча иш-чаралардын оперативдүүлүгүн жана макулдашылышын камсыз кылуу;
- Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө каражаттарды бөлүштүрүүнүн натыйжалуулугун, ачыктыгын жана даректүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле жергиликтүү калкка материалдык жардам көрсөтүү;
- Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча өкмөттүк эмес жана башка уюмдар, коммерциялык банктар жана бизнес-коомчулук менен өз ара аракеттенүү;
- Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине үзгүлтүксүз маалымат берип туруу.
6. Атайын өкүл ага жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
3. Атайын өкүлдүн ыйгарым укуктары
7. Атайын өкүл ага жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу максатында төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:
- Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү боюнча ишке мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин тартат;
- иштөө үчүн зарыл маалыматты жана документтерди мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан сурайт жана оперативдүү алат;
- өз компетенциясынын алкагында аткаруу үчүн милдеттүү болгон тапшырмаларды мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жана кызматчыларына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө берет;
- Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларын жана актыларын, Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын чечимдеринин аткарылышы боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жана кызмат адамдарынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн отчетторун угат;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча жүргүзүлгөн натыйжалуу иши үчүн сыйлоо жөнүндө сунуш киргизет;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө карата Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, иш-чараларды, программаларды жана башка ченемдик укуктук актыларды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн тартиптик жаза чараларын колдонуу боюнча сунуштарды киргизет;
- Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча иш-чараларды каржылоого каралган республикалык бюджеттин жана башка булактардын каражаттарынын максаттуу колдонулушуна контролдоону жүргүзөт;
- өз компетенциясынын чектеринде координациялык органдарды, кеңештерди, комиссияларды, комитеттерди жана жумушчу топторду түзөт жана алардын ишине катышат;
- өз компетенциясынын чектеринде документтерге кол коёт;
- финансылык жана техникалык жардам көрсөтүү маселелери боюнча эл аралык, өкмөттүк эмес, башка уюмдардын, коммерциялык банктардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт.
4. Ишин камсыз кылуу
8. Атайын өкүлдү кызматтык транспорт менен камсыз кылуу жана ишин финансылык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан жүзөгө ашырылат.
9. Атайын өкүлдү жана ишке тартылган кызматкерлерди кызматтык жай, зарыл уюштуруучулук техника жана байланыш каражаттары менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан жүргүзүлөт.