Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 17-январы ПЖ № 9
А.Э.Сулайманова жөнүндө
Ош шаардык сотунун судьясы А.Э.Сулаймановага карата ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартиптик жаза колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 14-пунктуна, 2-бөлүгүнө жана 28-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Сулайманова Айнура Эртабылдиевна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, анын Ош шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Жээнбеков |