Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
от 24 июля 2020 года УП № 151
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун айрым судьялары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу төмөнкү судьялар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулуп, алардын Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары 2020-жылдын 6-июлунан тартып токтотулсун:
- Абакиров Кайсын Кадыровичтин;
- Алиев Авчи Мустафаевичтин;
- Сариев Аманбек Орозунбековичтин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Ш. Жээнбеков |