Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 14-августу ПЖ № 158
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин Бишкек шаарынын Октябрь жана Свердлов райондук сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер жөнүндө сунушу боюнча токтом кылам:
1. 2020-жылдын 12-августунан тартып курагынын чегине жеткенге чейин төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын:
- Адамкулов Чынгыз Толокович;
- Ибраимова Жылдыз Белековна;
- Касымбеков Алмаз Салмоорбекович;
- Саадабаева Гульзат Аскербековна;
- Сабырова Жыпар Жумадиловна;
- Тургунбекова Гаухар Рафиковна;
- Чотонов Санжар Бейшенкулович;
- Шин Галина Алексеевна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |