Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 14-августу ПЖ № 159
Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. 2020-жылдын 12-августунан тартып судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары жиберилсин:
- Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна
Адамкулов Чынгыз Толокович;
- Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна:
- Ибраимова Жылдыз Белековна;
- Касымбеков Алмаз Салмоорбекович;
- Саадабаева Гульзат Аскербековна;
- Сабырова Жыпар Жумадиловна;
- Тургунбекова Гаухар Рафиковна;
- Чотонов Санжар Бейшенкулович;
- Шин Галина Алексеевна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |