Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 30-сентябры ПЖ № 181
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 2-майындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасы жана айырмалоочу белгилери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 2-майындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасы жана айырмалоочу белгилери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлыктын 1-тиркемесинде:
- 6-пункттун 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти жана ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн - темгил түстө.";
- 7-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти жана ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн - темгил түстө";
- 8-пункттун эскертүүсү "; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн күнүмдүк фуражка кочкул көк түстөгү кездемеден" деген сөздөр менен толукталсын;
- 10-пункттун эскертүүсү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн пальто саргыч жашыл түстөгү драптан; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн пальто кочкул көк түстөгү драптан.";
- 11-пункттун эскертүүсү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн күрмө саргыч жашыл түстөгү кездемеден; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн күрмө кочкул көк түстөгү кездемеден.";
- 12-пункттун эскертүүсү "; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн плащ кочкул көк түстөгү кездемеден" деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пункттун эскертүүсү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн китель саргыч жашыл түстөгү кездемеден; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн китель кочкул көк түстөгү кездемеден.";
- 15-пункттун эскертүүсү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн пуловер саргыч жашыл түстө; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн пуловер кочкул көк түстөгү кездемеден.";
- 16-пункттун эскертүүсү "; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн шым кочкул көк түстөгү кездемеден" деген сөздөр менен толукталсын;
- 17-пункттун эскертүүсү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн күрмө саргыч жашыл түстөгү кездемеден; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн күрмө кочкул көк түстөгү кездемеден.";
- 23-пункттун эскертүүсү "; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн кепка кочкул көк түстөгү кездемеден" деген сөздөр менен толукталсын;
- 24-пункттун эскертүүсү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн саргыч жашыл түстөгү пахтадан жасалган кездемеден көйнөк; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн ачык көк түстөгү пахтадан жасалган кездемеден көйнөк.";
- 25-27-пункттардын эскертүүлөрү "; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн көйнөк ачык көк түстөгү пахтадан жасалган кездемеден" деген сөздөр менен толукталсын;
- 28-пункттун эскертүүсү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн жагоо саргыч жашыл түстөгү кездемеден; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн жагоо кочкул көк түстөгү кездемеден.";
- 29-пункттун эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү сүйлөмдөр менен толукталсын: "Ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн темгил түстөгү узун жеңдүү футболка. Темгил жана ак түстөгү горизонталдуу тилкелери менен майка.";
- 33-пункттун эскертүүсү "; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн кашне кочкул көк түстөгү кездемеден" деген сөздөр менен толукталсын;
- 44-пункттун эскертүүсү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн авиациясы үчүн фуражканын алкагы - көгүш түстө; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн фуражка саргыч жашыл түстөгү кездемеден, сыя көк түстөгү алкагы менен, маңдай кыры кара түстө саймаланбаган, фуражканын маңдай кырынын үстүндө алкагы боюнча алтын түстөгү өрүлгөн боо эки формалык топчуга топчуланат; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн - фуражканын курбусу жашыл түстө, алкагы кочкул көк түстө, маңдай кыры кара түстө болот; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн фуражка кочкул көк түстөгү кездемеден; кенже офицердик курам, прапорщиктер, жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн - фуражканын маңдай кыры саймаланбаган.";
- 46-пункттун эскертүүсү "; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн пилотка кочкул көк түстөгү кездемеден" деген сөздөр менен толукталсын;
- 48-пункттун эскертүүсү "; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн кулакчындуу тумак кочкул көк түстө" деген сөздөр менен толукталсын;
- 49-50-пункттардын эскертүүлөрү "; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн пальто кочкул көк түстөгү драптан" деген сөздөр менен толукталсын;
- 53-пункттун эскертүүсү "; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн плащ кочкул көк түстөгү кездемеден" деген сөздөр менен толукталсын;
- 56-пункттун эскертүүсү "; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн китель кочкул көк түстөгү кездемеден" деген сөздөр менен толукталсын;
- 57-пункттун эскертүүсү "; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн жакет кочкул көк түстөгү кездемеден" деген сөздөр менен толукталсын;
- 60-пункттун эскертүүсү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн шым саргыч жашыл түстөгү кездемеден; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн шым кочкул көк түстөгү кездемеден; прапорщиктер, жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын курамындагы контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн шымдын милтеси жок.";
- 61-пункттун эскертүүсү "; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн юбка кочкул көк түстөгү кездемеден" деген сөздөр менен толукталсын;
- 74-пункттун эскертүүсү "; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн жагоо-бант кочкул көк түстөгү кездемеден" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган Жарлыктын 2-тиркемесинде:
- 1-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү: ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн:
- кокарда ортосунда кызыл түстүү беш жылдыз жайгашкан эмблемадан турат, жылдыздын алдыңкы планында эмен жалбырагы менен стилдешип, чети оролгон, энине чоюлган, канаты жайылган ак түстөгү шумкар жайгашкан. Шумкардын ылдыйкы бөлүгүндө кыргыздын улуттук оюусу жайгашкан. Кокарда эмблемасы менен фуражканын үстүңкү кездемесине окшош түстөгү сайма менен аткарылган. Жылдыздын жээги, улуттук оюу жана эмен жалбырактары 5 пайыздык алтын жалатылган алтын түстүү сайма менен жасалган. Фуражкага жана беретке тагылат;
- алтын түстөгү, эмблемалуу металл кокарда ортосунда жайгашкан кызыл түстүү беш жылдыздан турат, жылдыздын алдыңкы планында эмен жалбырагы менен стилдешип, чети оролгон, энине чоюлган, канаты жайылган ак түстөгү шумкар жайгашкан. Арткы тарабында баш кийимге тагылуучу кадагычы бар. Кулакчындуу тумакка тагылат;";
2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү: ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн:
- кокарда ортосунда кызыл түстүү беш жылдыз жайгашкан эмблемадан турат, жылдыздын алдыңкы планында эмен жалбырагы менен стилдешип, чети оролгон, энине чоюлган, канаты жайылган ак түстөгү шумкар жайгашкан. Шумкардын астыңкы бөлүгүндө кыргыздын улуттук оюусу жайгашкан. Кокарда эмблемасы менен фуражканын үстүңкү кездемесине окшош түстөгү сайма менен аткарылган. Жылдыздын жээги, улуттук оюу жана эмен жалбырактары алтын түстө. Фуражкага жана беретке тагылат;
- алтын түстөгү, эмблемалуу металл кокарда ортосунда жайгашкан кызыл түстүү беш жылдыздан турат, жылдыздын алдыңкы планында эмен жалбырагы менен стилдешип, чети оролгон, энине чоюлган, канаты жайылган ак түстөгү шумкар жайгашкан. Арткы тарабында баш кийимге тагылуучу кадагычы бар. Кулакчындуу тумакка тагылат;";
- 10-пункттун эскертүүсүндө:
мамлекеттик тилдеги текстинде "Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвоирлөө боюнча департаменти" деген сөздөр "Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү үчүн - ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмблемасы" деген сөздөр менен толукталсын;
3) жогоруда аталган Жарлыктын 3-тиркемесинде:
- 5-пунктта:
1-пунктчанын экинчи абзацында:
мамлекеттик тилдеги текстинде "Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвоирлөө департаментинин" деген сөздөр "Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмүнүн мөөнөттүү кызматынын аскер кызматчылары үчүн - "АТ" (Аскердик түзүлүшү)" деген сөздөр менен толукталсын;
2-пунктчанын эскертүүсүнүн мамлекеттик тилдеги текстинде "Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвоирлөө департаменти" деген сөздөр "Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) жогоруда аталган Жарлыктын 4-тиркемесинде:
* - 7-пункттун мамлекеттик тилдеги текстинде "Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвоирлөө департаменти" деген сөздөр "Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"10. Ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмү".
2. Бул Жарлыкты жүзөгө ашыруу ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскердик түзүмүнө бөлүнүүчү каражаттардын чегинде жүргүзүлсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 6-октябрындагы № 83 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |