Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327
Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2018-жылдын 2-июлу ПЖ № 147
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө
Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кадрдык потенциалды жогорулатуунун бирдиктүү системасын мындан ары өркүндөтүү, ошондой эле квалификациялуу кадрларга болгон реалдуу муктаждыктарды эске алуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу процессине практикалык багыт берүү максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын карамагына өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен бирдикте он беш жумушчу күндүн ичинде ушул Жарлыктын 1-пунктун аткаруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |