Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 30-августу ПЖ № 191
Р.З.Хамитовду "Достук" ордени менен сыйлоо жөнүндө
Алтай тил бүлөсүнүн элдеринин жалпылык идеяларын өнүктүрүүгө жана популяризациялоого, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Башкортостан Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон олуттуу салымы үчүн Башкортостан Республикасынын Башчысы Хамитов Рустэм Закиевич "Достук" ордени менен сыйлансын.
Президент |
| А.Атамбаев |