Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2020-жылдын 28-декабры ПЖ № 69
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде токтом кылам:
1. Чүй облусунун райондук жана шаардык сотторуна мурда жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары 5 жылдык мөөнөт бүткөндүгүнө байланыштуу токтотулду жана алар ээлеген кызмат ордунан 2020-жылдын 2-декабрынан тартып бошотулду деп эсептелсин:
- Аламүдүн райондук соту:
Сагыналиев Жаныбек Нурбекович;
Сагитова Зульфия Каиргельдиевна;
- Москва райондук соту:
Абдиева Жыпар Курманбековна;
Аджибеков Нурлан Нурмамбетович;
- Жайыл райондук соту
Кувандыкова Наргиза Тураровна;
- Панфилов райондук соту
Керимкулова Айгүл Карыпкуловна;
- Токмок шаардык соту:
Абдрахманов Канатбек Казакбаевич;
Моңолбаев Жаныбек Васирович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
Т.Т. Мамытов |
|