Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2013-жылдын 5-июну ПЖ № 133
А.В. Жарковго ырайым кылуу жөнүндө
Дypyc мүнөздөмөсүн, кылмыштын коомдук коркунучтуулугунун анча жогору эместигин, башка жагдайларды эске алуу менен ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтү карап чыгып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча Комиссиянын сунушун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасыньн Конституциясынын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде токтом кылам:
2012-жылдын 4-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен соттолгон 1968-жылы туулган Жарков Артур Валериановичке жазаны андан ары өтөөдөн бошотуу менен ырайым кылынсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |