Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2011-жылдын 22-апрели ПЖ № 101
Соттолгондордун ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрүн четке кагуу тууралу
Эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрүн карап чыгып, жасаган кылмыштарынын оордугун, мурдагы соттуулугун, жазанын анча көп эмес мөөнөтүн өтөгөндүгүн жана башка жагдайларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча Комиссиянын сунушун эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 10-пунктунун 4-пунктчасынын негизинде токтом кылам:
төмөнкүлөрдүн ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрү четке кагылсын:
2006-жылы 23-октябрда Свердлов райондук соту тарабынан соттолгон 1968-жылы 1-мартта туулган Акунжанов Маматсалы Мамадалиевичтин;
2008-жылы 16-апрелде Аламүдүн райондук соту тарабынан соттолгон 1979-жылы 14-сентябрында туулган Безгаймер Николай Федоровичтин;
2000-жылы 29-ноябрда Аламудун райондук соту тарабынан соттолгон 1969-жылы 20-ноябрда туулган Викторов Виктор Викторовичтин;
2009-жылы 3-февралында Кадам-Жай райондук соту тарабынан соттолгон 1968-жылы 1-ноябрда туулган Имаралиев Эргешалы Нишановичтин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р. Отунбаева |