Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2004-жылдын 15-февралы ПЖ № 63
Кыргыз Республикасы менен Эларалык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда айылдык ивестициялар Долбоору боюнча өнүктүрүү максаттарына Грант жөнүндөгү Макулдашууну ратификациялоо тууралу (GRANT N H 070 KG)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 48-статьясына ылайык токтом кылам:
1. 2003-жылы 22-декабрда Вашингтон шаарында (АКШ) кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эларалык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда айылдык инвестициялар Долбоору боюнча өнүктүрүү максаттарына Грант (GRANТ N Н 070 КG) жөнүндөгү Макулдашуу ратификациялансын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл ички мамлекеттик жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө Эларалык өнүктүрүү ассоциациясына билдирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
| А. Акаев |