Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2004-жылдын 11-марты ПЖ № 87
Республиканын айыл чарба жана кайра иштетүү өнөржайынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын айыл чарба жана кайра иштетүү өнөржайын өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн төмөнкүлөр сыйлансын:
"Даңк" медалы менен:
Жеенбаева Бакытгүл Сакеновна - Талас областынын Талас районундагы "Шайлоо" фермер чарбасынын жетекчиси;
Каптагаев Санин Абдылдаевич - Ысыккөл областынын Аксуу районундагы "Доор XXI" дыйкан чарбасынын жетекчиси;
Самудинов Бердибек - Нарын областынын Жумгал районундагы Башкууганды айыл өкмөтүнүн башчысы;
"Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын эмгек сиңирген кызматкери" деген ардактуу наам берилсин:
Калыгулов Чүрөкбай Садировичке - Жалалабат областынын Базаркоргон районундагы "Кайнар-Булак" фермер чарбасынын жетекчиси;
Малашев Шамуратка - Ош областынын Өзгөн районундагы М.Тешебаев атындагы багбанчылык чарбасынын директору;
Мамбеткулов Төлөбекке - Чүй областынын Сокулук районундагы "Жаңы-Пахта" айыл чарба кооперативинин башкармасынын төрагасы;
Павлов Виталий Дмитриевичке - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин жер жана агрардык реформа боюнча Республикалык борбордун башкы адиси;
Самидинов Абдиламитке - Баткен областынын Кадамжай районундагы "Самиажи" фермер чарбасынын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Исаева Динара Зарылбековна - Чүй областынын Панфилов районундагы "Жибек" дыйкан чарбасынын жетекчиси;
Маккамбаев Абдималик - Баткен областынын Баткен райондук суу чарба башкармасынын N 3 гидроучасткасынын начальниги;
Парханов Токтосун - Ош областынын Араван районундагы "Сандык" дыйкан чарбасынын жетекчиси;
Тынайбекова Айнагүл - Нарын областынын Нарын районундагы "Кенжебек" дыйкан чарбасынын жетекчиси;
Хакимов Абдумуталип Мирзарахимович - Жалалабат областындагы "Дома-Ата" өндүрүштүк-коммерциялык жеке пахта кайра иштетүү заводу" жоопкерчилиги чектелген коомдун президенти;
Чыбыкеев Муканбеткалый Сапалович - Ысыккөл областынын Тоң районундагы "Алмаз" фермер чарбасынын жетекчиси.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Акаев |