Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 26-февралы ПЖ № 88
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик башкаруу органдарында функциялык милдеттенмелерди кайра бөлүштүрүүгө байланыштуу токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-январындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссиянын курамын бекитүү жөнүндөгү" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссиянын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Комиссиянын курамынан Турганбаев Мелис Токтомамбетович чыгарылсын;
- Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орунбасары Субанов Темиркан Усурканович киргизилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |