Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 1-сентябры ПЖ № 374
Пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жөнүндө
Пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоону камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19, 44, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2021-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнө 2021-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жүргүзсүн;
- бул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоону өзүмө алам.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |