КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 1-сентябры ПЖ №376
Чакан жана орто ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто ишкердик субъекттерине андан ары колдоо көрсөтүү жана аларды экономиканын байкоого алынбаган секторунан чыгаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө:
- чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин кызматкерлердин санына жана эсептелген эмгек акысына жараша 2022-жылдан 2024-жылга чейин үч жылдык мөөнөткө 27,25 пайыздан 22 жана 14 пайызга чейин төмөндөтсүн;
- бул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоону өзүмө алам.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |