Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 1-сентябры ПЖ № 371
Республикалык “Алтын түйүн” балдар инженердик-техникалык академиясына “улуттук” статусун ыйгаруу жөнүндө
Мектептен тышкаркы кошумча билим берүү жаатында өзгөчө сиңирген эмгеги, ошондой эле өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо олуттуу салым кошкондугу үчүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Республикалык “Алтын түйүн” балдар инженердик-техникалык академиясына “улуттук” статусу ыйгарылсын жана мындан ары “Алтын Түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы” деп аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин бул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |