Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 28-июлу ПЖ № 320
Кыргыз Республикасынын 2020-жылдагы илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитетинин чечимин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Медицина жаатындагы эмгектери үчүн төмөнкүлөргө Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктары ыйгарылсын жана "Илим жана техника жагындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты" деген наам берилсин:
1) "Хирургиялык эндокринологиянын проблемалары":
- Чынгышпаев Шамиль Мукашевичке - Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору;
- Ахунбаева Нелли Исаевнага - Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору;
- Бебезов Хакиге - Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору;
- Ахунбаев Стальбек Медеровичке - Эл аралык жогорку медицина мектебинин ректору, медицина илимдеринин кандидаты;
- Шаназаров Алмаз Согомбаевичке - Эл аралык жогорку медицина мектебинин академиялык борборунун директору, медицина илимдеринин доктору;
- Айдаралиев Арсен Асылбековичке - Эл аралык жогорку медицина мектебинин ректорунун кеңешчиси, медицина илимдеринин доктору;
- Казакбаев Айтбай Тургунбаевичке - Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин кандидаты;
- Кочоров Орозали Тайтокуровичке - Эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору;
2) "Заманбап илимий-дүйнө таануу маданиятын түзүү жана өнүктүрүү теориясы" Ашимов Исабекке - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл чарба илимдери бөлүмчөсүнүн төрагасы, медицина илимдеринин доктору, философия илимдеринин доктору, профессор.
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |