Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 27-августу ПЖ № 361
Жусуп Абдрахмановго (каза болгондон кийин) “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө
Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги жана туулган күнүнүн 120 жылдыгына байланыштуу советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Жусуп Абдрахмановго “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылсын (каза болгондон кийин).
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |