Редакцияот 27.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2021-жылдын 27-августу ПЖ № 364

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө

Көп жылдык жана үзүрлүү эмгеги, Кыргыз Республикасынын Конституциясын иштеп чыгууга активдүү катышкандыгы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу төмөнкүлөр сыйланышсын:

 

III даражадагы “Манас” ордени менен:

Тогусаков Осмон Асанкулович

–

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти;

 

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи”

ардак наамы ыйгарылсын:

Борубашов Бекбосун Ишенбековичке

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчисине;

Аманалиев Урмат Олжобековичке

–

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын мамлекеттик башкаруу жана укук кафедрасынын доценти;

Токтобаев Болот Токтомышевичке

–

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин мамлекеттин жана укуктун теориясы жана тарыхы кафедрасынын башчысы;

“Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы ыйгарылсын:

Ботоева Чынара Кычийевнага

–

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы Академиясынын мамлекеттик-укуктук сабактар кафедрасынын начальниги;

 

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышсын:

Иманкулов Муратбек Калматович

–

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын социалдык билим берүү лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери;

 

Исмаилов Нурлан Асанович

 

–

 

“Ала-Тоо” эл аралык университетинин юриспруденция кафедрасынын башчысы;

 

Малабаев Болот Нурбаевич

 

–

 

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин докторанты, доцент;

Нурматов Темирбек Асанович

–

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Бишкек шаардык аймактык адвокатурасынын адвокаты;

Омурзаков Аманбай Токторович

–

“Фондрегистр” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С.Н. Жапаров