Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 27-августу ПЖ № 366
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-июлундагы «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүулөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 293 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш жөнүндө жободо:
10- пункттун онунчу абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
11- пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда
баяндалсын:
«- бизнес-сектордун, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги коррупциялык тобокелдиктерди жана факторлорду алдын алуу боюнча чараларды биргелешип иштеп чыгуу процессине бизнес- коомчулуктун жана жарандык коомдун өкүлдөрүн тартууга жана алардын демилгелерин кароого.»;
15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«15. Каралып жаткан маселелер боюнча чечимдер Кеңештин катышып жаткан мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана Кеңештин жыйналышынын протоколу түрүндө таризделет.».
22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«22. Башкы катчы Кеңештин төрагасы менен макулдашуу боюнча Кеңештин катчылыгьнын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет.»;
28-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«28. Кеңештин башкы катчысы төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Кеңештин иши үчүн зарыл болгон маалыматты суроого;
- айрым маселелерди талкуулоо жана Кеңештин жыйналышын даярдоо боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда жумушчу кеңешмелерди өткөрүүгө;
- Кеңештин рекомендацияларын жана сунуштарын кароого мониторинг жүргүзүүнү камсыздоого;
- Кеңештин төрагасына баяндама каттарды даярдоого, Кеңештин рекомендацияларын жана сунуштарын кароо жөнүндө Кеңештин мүчөлөрүнө маалымдоого;
- коррупцияга каршы аракеттенүү, бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу маселелери боюнча министрликтердин, мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун, жарандык коомдун жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн сунуштарын жалпылоого;
- бизнес-коомчулукта жана жарандык коомдо келип чыккан көйгөйлүү маселелерди ыкчам тартипте чечүү үчүн эксперттик топторду түзүү жөнүндө сунуш менен тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылууга;
- Кеңештин жыйналыштарын даярдоого катышууга;
- катчылыктын ишин жетектөөгө;
- штаттык расписаниенин чегинде катчылыктын кызматкерлерин жалдоо жана бошотуу жөнүндө буйруктарды чыгарууга жана катчылыктын иши үчүн зарыл болгон башка чечимдерди кабыл алууга.».
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |