Загрузка документа…
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары жөнүндө
УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын укуктук статусун, милдеттерин жана ыйгарым укуктарын, ошондой эле анын ишинин уюштуруучулук принциптерин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешине жүктөлгөн милдеттерди чечүүдө Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин (мындан ары - Коопсуздук кеңеши) мүчөлөрүнүн ишин координациялоону жүргүзөт.
3. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары өз ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, башка мамлекеттик органдар, административдик ведомстволор, соттор, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, алардын кызмат адамдары менен тыгыз өз ара аракеттенип жүргүзөт.
5. Кыргыз Республикасынын Президента Коопсуздук кеңешинин Торагасынын орун басарын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
6. Коопсуздук кецешинин Торагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз баш иет.
2. Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын милдеттери
7. Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, улутгук кызыкчылыктарды коргоо жаатындагы ички жана тышкы саясаттын негизги багыттарын аныктоо, улутгук коопсуздукка келтирилүүчү коркунучтарды болжолдоо, талдоо жана баалоо, чакырыктарды жана коркунучтарды алдын алууга жана жоюуга багытталган чараларды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды түзүү;
- Коопсуздук кеңешинин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, эл аралык жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу.
3. Коопсуздук кепешипин Торагасынын орун басарынын ыйгарьнм укуктары
8. Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
1) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине маалымат берет;
2) Коопсуздук кеңешине жүктөлгөн милдеттерди чечүүдө Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн ишин координациялоо боюнча сунуштарды Коопсуздук кеңешинин Төрагасына киргизет;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларына жана көрсөтмөлөрүнө ылайык:
- Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү менен жумушчу кеңешмелерди, ошондой эле көчмө кеңешмелерди өткөрөт;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы максаттуу программаларды жана башка документтерди даярдоого катышат;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер менен өз ара мамилелерде Коопсуздук кеңешинин атынан чыгат;
- чет мамлекеттердин же эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
- Коопсуздук кеңеши кабыл алган чечимдерге түшүндүрмөлөрдү берет;
4) Коопсуздук кеңешине мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы өз ара аракеттенүүсүн уюштурууну өркүндөтүү боюнча сунуштарды берет;
5) ыйгарым укуктарына ылайык улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун кароого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемелерин жана тапшырмаларын даярдоого катышат;
6) Кыргыз Республикасынын тышкы саясий курсун иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйресүндөгү анын көрсөтмөлөрүнүн жана тапшырмаларынын аткарылышын контролдоону жүргүзөт;
8) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгында мамлекеттик кадрдык саясаттын маселелери боюнча сунуштарды киргизет;
9) мамлекеттик органдарда улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери каралганда алардын кеңешмелерине, коллегияларынын жыйналыштарына катышат;
10) өзүнүн ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык маалыматты, анын ичинде жашыруун маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, аткаруу бийлигинин органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана кызмат адамдарынан белгиленген тартипте сурайт жана алат;
11) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде туруктуу жана убактылуу ведомстволор аралык башка жумушчу топторду түзөт;
12) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде тапшырмаларды берет, ошондой эле алардын аткарылышын контролдоону жүргүзөт;
13) Коопсуздук кеңешинин Төрагасы ага жүктөгөн башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
4. Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын катчылыгы
9. Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын ишин уюштуруучулук жана техникалык камсыздоону Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын катчылыгы (мындан ары - катчылык) жүргүзөт.
10. Катчылыктын жетекчисин жана Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын жардамчысын Кыргыз Республикасынын Президента Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын сунушу боюнча кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
11. Катчылыктын түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен бекитилет.
12. Катчылык төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
1) Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарына таандык маселелер боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, менчигинин түрүнө карабастан коммердиялык жана коммерциялык эмес уюмдар, алардын кызмат адамдары менен өз ара аракеттенет;
2) Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын иш планын иштеп чыгат;
3) Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын ишин маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат;
4) ушул Жобого ылайык Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын тапшырмаларын аткарат;
5) Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарында түзүлүүчү жумушчу топтордун ишин коштоону жүргүзөт;
6) иш кагаздарын жүргүзөт, Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын жана катчылыктын документтерин сактайт жана архивге берет;
7) Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын ишин маалыматтык-талдоочулук жана уюштуруучулук-укуктук камсыздоону жүргүзөт;
8) Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарына чечимдерди жана тапшырмаларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө баяндама берет;
9) Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары түзгөн жумушчу топтордун ишине катышат;
10) Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын жана анын катчылыгынын иши жөнүндө отчетторду даярдайт;
11) Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын ишинин маселелери боюнча укук коргоо жана сот органдары менен өз ара аракеттенет.
13. Катчылык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын ишин камсыз кылуу үчүн башка ыйгарым укуктарга ээ болушу мүмкүн.
14. Катчылыктын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп эсептелет, алар оз ишин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүргүзөт.
15. Катчылыктын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын сунушу боюнча кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
16. Катчылыктын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлери болуп эсептелет жана аларга белгиленген үлгүдөгү кызматтык күбөлүктөр берилет.
5. Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын жана катчылыгынын ишин камсыз кылуу
17. Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарын жана Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын катчылыгын кызматтык транспорт, жай, зарыл болгон уюштуруу техникасы, байланыш каражаттары менен камсыздоону, ошондой эле ишин финансылык камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жүргүзөт.
18. Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын жана Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын катчылыгынын ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясын күтүүгө каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт.