Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 25-майы ПЖ № 224
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө
Аскердик жана кызматтык милдетин аткарууда көрсөткөн каармандагы жана эрдиги үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чек арачылар күнүн жана Куралдуу Күчтөрүнүн күнүн майрамдоого байланыштуу төмөнкүлөр сыйлансын:
"Эрдик" медалы менен: | ||
Абдуллаев Нурбек Абдимиталлипович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы Баткен облусу боюнча полкунун командири, милициянын майору; |
Абдураимов Абдусухан Абдураимович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2051-аскер бөлүгүнүн 1-атайын багыттагы тобунун чалгынчы-көзгө атары, прапорщик; |
Акматов Ибрагим Абдыразакович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн "Шер" атайын багыттагы отрядынын командири, майор; |
Алибаев Белекбай Кыдырович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 30630-аскер бөлүгүнүн медициналык пунктунун начальниги, прапорщик; |
Алибаев Равшан Абдужалилович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн "Шер" атайын багыттагы отрядынын чалгынчы-аткычы, кенже сержант; |
Алмаз уулу Бейкут | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2053-аскер бөлүгүнүн 3-атайын багыттагы тобунун командири, улук лейтенант; |
Атамалиев Адилет Атамалиевич | - | Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянын капитаны; |
Бабаев Элдияр Медетбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн "Көк-Таш" чек ара заставасынын начальнигинин күжүрмөн даярдык боюнча орун басары, улук лейтенант; |
Бекматов Бахтияр Кудайбергенович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн күжүрмөн даярдык бөлүмчөсүнүн начальниги, капитан; |
Гыязов Адилбек Айтбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары жарандык коргонуу бөлүмүнүн начальниги, майор; |
Жумадылов Адилет Алымбекович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 30630-аскер бөлүгүнүн бронетоп машинасынын командири, сержант; |
Имамали уулу Асылбек | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн "Шер" атайын багыттагы отрядынын сапердук тобунун чалгынчы-саперу, улук сержант; |
Маматиса уулу Батырбек | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2051-аскер бөлүгүнүн 2-атайын багыттагы тобунун чалгынчысы (аткычы), прапорщик; |
Маматов Мухаммаднурий Акромидинович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн "Шер" атайын багыттагы отрядынын 1-тобунун чалгынчы-гранатометчиги, кенже сержант; |
Өскөнбай уулу Темирлан | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн "Шер" атайын багыттагы отрядынын 1-тобунун чалгынчы-аткычы, кенже сержант; |
Рысбаев Эрнис Акбарович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн "Шер" атайын багыттагы отрядынын 3-тобунун командири, капитан; |
Саткынов Жолдубай Маманурович | - | Баткен облусунун Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн начальниги, милициянын майору; |
Токобаев Нурбек Ормонбекович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 83101 "А" аскер бөлүгүнүн командири, подполковник; |
Толонбаев Кыялбек Жоробаевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2001-аскер бөлүгүнүн командири, полковник; |
Турдуев Туратбек Садирдинович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Баткен шаары жана Баткен районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн начальниги, подполковник; |
Хасанов Темирмалик Собиржонович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 30630-аскер бөлүгүнүн командиринин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары, майор; |
"Даңк" медалы менен: | ||
Абдилахат уулу Нурсултан | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн "Көк-Таш" чек ара заставасынын улук айдоочусу, кенже сержант; |
Данияр уулу Улукбек | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2053-аскер бөлүгүнүн 3-атайын багыттагы тобунун чалгынчы-саперу, кенже сержант; |
Джаркимбаев Мирлан Рахметельдаевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2001-аскер бөлүгүнүн командиринин күжүрмөн даярдык жана тарбиялык иштер боюнча орун басары, полковник; |
Ибраим уулу Нурислам | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн "Көк-Таш" чек ара заставасынын чек ара бөлүмчөсүнүн аткычы, катардагы жоокер; |
Максутов Чынгыз Садирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2052-аскер бөлүгүнүн 2-атайын багыттагы тобунун чалгынчы-көзгө атары, прапорщик; |
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен: | ||
Акматов Аскарбек Урмаматович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 30630-аскер бөлүгүнүн бронетоп машинасынын командири, улук сержант; |
Анарбаев Алихан Абдибахапович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн материалдык камсыздоо ротасынын техникалык камсыздоо взводунун улук айдоочусу, кенже сержант; |
Арапбаев Кадырбек Алимжанович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2021-аскер бөлүгүнүн ыкчам иш бөлүмүнүн улук офицери, майор; |
Асанали уулу Ташкул | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн материалдык камсыздоо ротасынын улук айдоочусу, сержант; |
Ахметов Арген Мухитович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 52806-аскер бөлүгүнүн штурмдук отрядынын 5-штурм тобунун чалгынчы-пулеметчиги, ефрейтор; |
Жалилов Үсөн Акыбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 30630-аскер бөлүгүнүн минометтук батареясынын ок атуучу 1-взводунун командиринин орун басары, сержант; |
Жаныбеков Нурсултан Таалайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2025-аскер бөлүгүнүн "Бөрү" атайын багыттагы отрядынын улук чалгынчы-улук көзгө атары, сержант; |
Жолдошбаев Ырыспек Тынчтыкбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу иштер башкармалыгынын начальниги, подполковник; |
Жыргалбек уулу Нургазы | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 3-өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын мобилдик-куткаруу ротасынын 1-мобилдик-куткаруу тобунун суучулу, прапорщик; |
Жээнбай уулу Нурбек | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Баткен шаары жана Баткен районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн № 26 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн командасынын начальниги, прапорщик; |
Заитов Нурланбек Акбаралиевич | - | Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматынын милиционери, милициянын улук сержанты; |
Исроилов Кубатбек Толибович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн финансы кызматынын начальниги, улук лейтенант; |
Кайымов Азамат Абдурасулович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн "Орто-Боз" чек ара заставасынын 2-чек ара бөлүмчөсүнүн командири, сержант; |
Камалов Алмаз Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы оперативдик башкармалыгынын Кризистик чара көрүү борборунун начальниги, полковник; |
Кудайназар уулу Токтосун | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 3-өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын 2-мобилдик-куткаруу тобунун командири, лейтенант; |
Матраимов Ыса Убраимович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 52870-аскер бөлүгүнүн атайын багыттагы отрядынын 4-тобунун командиринин орун басары, прапорщик; |
Мухамадиев Аскарали Жунусович | - | Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча бөлүмүнүн начальниги, милициянын подполковниги; |
Насырбаев Чынгызхан Асылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн "Майор Б. Раимбеков атындагы "Капчагай" чек ара заставасынын начальниги, улук лейтенант; |
Нуридин уулу Жылдызбек | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн жашыруун иш кагаздарын жүргүзүүчүсү, кенже сержант; |
Осмоналиев Нурлан Ниязбекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн инженердик, радиациялык, химиялык, биологиялык коргонуу жана атайын каражаттар кызматынын начальниги, майор; |
Осмоналиев Семетей Кылычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 30630-аскер бөлүгүнүн минометтук батарея башкармалыгынын командири, лейтенант; |
Раимжанов Өмүрбек Суюнбекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн өзүнчө ротасынын командири, капитан; |
Сагымбаев Давлет Абылгазиевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн командири, полковник; |
Ташбеков Бостонбек Жаныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2021-аскер бөлүгүнүн "Бөрү" атайын багыттагы отрядынын улук чалгынчы-кызматтык иттердин улук багуучусу, сержант; |
Улукбек уулу Шертай | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн "Көк-Таш" чек ара заставасынын чек ара бөлүмчөсүнүн көзгө атары (СПГ-9МН), катардагы жоокер; |
Хажиматов Маматазиз Абдуманапович | - | Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын начальнигинин ыкчам иштер боюнча орун басары, милициянын полковниги; |
Ходжаев Нургазы Абдимиталипович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн күйүүчү-майлоочу материалдар кызматынын начальниги, майор; |
Шабданов Марат Амиракулович | - | Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын кадрлар бөлүмүнүн өздүк курам менен иштөө жана кесиптик даярдоо боюнча улук инспектору, милициянын подполковниги; |
Шабыров Мухеймин Рахманаалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2053-аскер бөлүгүнүн 3-атайын багыттагы тобунун улук чалгынчы-улук гранатометчиги, ефрейтор; |
Шамшиев Шабданбек Салимбекович | - | Баткен облусунун Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн начальниги, милициянын майору; |
Эгемберди уулу Үсөн | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн "Достук" чек ара заставасынын чек ара бөлүмчөсүнүн аткычы, катардагы жоокер; |
Эшалиев Бактыбек Мелисович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн "Шер" атайын багыттагы отрядынын командиринин орун басары, капитан. |
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |