Редакцияот 15.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2021-жылдын 15-сентябры ПЖ № 397

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:

1. Ысык-Көл облусунун райондук жана шаардык сотторуна мурда жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары 5 жылдык мөөнөт бүткөндүгүнө байланыштуу токтотулду жана алар ээлеген кызматынан 2021-жылдын 25-августунан тартып бошотулду деп эсептелсин:

- Жети-Өгүз райондук соту

Бекбулатов Айбек Бектурсунович;

- Тоң райондук соту

Соодонбеков Сабыр Конуратович;

- Каракол шаардык соту:

Иманбеков Ильяс Ринатович;

Суранчиев Уланбек Жекшеналиевич.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Н. Жапаров