Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 19-майы ПЖ № 268
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 1-августундагы “Мамлекеттик кызматчылардын эмгек акы шарттары жөнүндө” Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлеринин эмгек акы шартын андан ары оптималдаштыруу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 1-августундагы №196 КПҮ “Мамлексттик кызматчылардын эмгек акы шарттары жөнүндө” Указынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясыньн мамлекеттик кызматчыларынын кызматтык айлык акылары деген №2 тиркемеге төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
үчүнчү абзац “Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин биринчи орунбасары - уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы” деген сөздөрдөн кийин”, Президенттин мамлекеттик кеңешчиси” деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкү мазмундагы он экинчи обзац менен толукталсын:
Мамлекеттик инспектор | 3600 |
он экинчи – от төртүнчү абзацтар тийиштүү түрдө он үчүнчү – он бешинчи абзацтар деп эсептелсин;
он төртүнчү абзац «Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин” деген сөздөрдөн кийин “Президенттин мамлекеттик кеңешчиси” деген сөздөр менен толукталсын, “инспектор” деген сөз алып салынсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |