Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 12-октябры ПЖ № 422
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызматтан кетүүсү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 92-беренесинин 1-бөлүгүнө жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 3 жана 5-бөлүктөрүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иштеп жаткан курамы кызматтан кетирилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кызматтан кетти деп эсептелсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жаңы курамы түзүлгөнгө чейин өздөрүнүн милдеттерин аткарууну улантышсын.
4. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |