Загрузка документа…
КР Президентинин 2011-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 236 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 274 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын Конгрессинин су-нушуна ылайык, бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында, ошондой элеКыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-статьясынын 3-пунктун жетек-чиликке алып, токтом кылам: 1. 2005-жылдын декабры айылдарда, поселоктордо жана райондук башийүүдөгү шаарларда 2001-жылдын март-майында пилоттук шайлоонунжүрүшүндө шайланган жергиликтүү өзалдынча башкаруунун башчыларынын ый-гарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган мөөнөт деп эсептелсин. 2. Айрым айылдарда, поселоктордо жана райондук баш ийүүдөгү шаар-ларда жергиликтүү өзалдынча башкаруунун башчыларынын бош орундарынээлөө максатында айылдык, поселоктук кењештердин жана райондук башийүүдөгү шаардык кењештердин депутаттарына жергиликтүү өзалдынча башка-руунун тиешелүү башчыларынын милдеттерин убактылуу аткаруучуларды шай-лоо 2005-жылдын декабрында белгиленген тартипте шайлоо өткөрүлгөнгө че-йин аларды өз курамынан шайлоо сунуш кылынсын. 3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнчаБорбордук комиссиясына айылдарда, поселоктордо жана райондук башийүүдөгү шаарларда жергиликтүү өзалдынча башкаруунун башчыларынмөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө маселени чечүү учурунда ка-ражаттарды үнөмдөө максатында ушул Жарлыктын 2-пунктун эске алуу сунушкылынсын. 4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мам-лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. 5. Бул жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев