Загрузка документа…
|
| |
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 412 Жарлыгына) |
2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын КОНЦЕПЦИЯСЫ
Кириш сөз
2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы (мындан ары - Концепция) өлкөнү өнүктүрүүдөгү диндин ордун жана ролун ачып көрсөтүп, диний чөйрөнү жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын өркүндөтүүнүн жана башкаруу чараларын көрүүнүн мазмундук алкагын түзөт.
Концепция мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары - ЖӨБО), диний бирикмелердин жана жамааттардын, ошондой эле жарандык коомдун башка институттарынын бирге аракеттенүүсүнүн принциптерин жана механизмдерин аныктайт.
Концепциянын укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары (мындан ары - ЧУА), Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген адам укуктары боюнча эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир адамга абийир жана дин тутуу эркиндигин кепилдейт, кандайдыр бир динди мамлекеттик же милдеттүү дин катары белгилөөгө тыюу салат, диндин жана бардык ырасымдардын мамлекеттен ажыратылгандыгын камсыздайт, диний бирикмелердин жана дин кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салат.
Кыргыз Республикасы эл аралык укуктун негиз салуучу ченемдерин таануу менен Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыда (1966), Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пактыда (1966), Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенцияда (1979), Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча кеңешменин (1975) корутунду актысында ж.б. бекемделген адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алган. Кыргыз Республикасы милдеттенмелерди жактагандыгын 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Күн тартибинин алкагында бекемдеди.
Концепция Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 203 Жарлыгы менен бекитилген 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруунун алкаганда башталган иштерди улантууга көмөктөшүүгө чакырат.
Диний чөйрөдө мамлекеттик саясаттагы улантуучулукту жана ырааттуулукту камсыздоо үчүн Концепцияда диний чөйрөнүн учурдагы абалына кыскача сереп, мамлекеттик саясаттын өңүтү, максаттары жана милдеттери, аны ишке ашыруунун негизги багыттары жана механизмдери, ошондой эле аткаруунун мониторинги жана баалоо системасы камтылган.
1. Учурдагы абалга сереп
Кыргыз Республикасынын жана Борбордук Азиянын аймагында ар түрдүү маданияттардын жана дин тутуунун уникалдуу айкалышуусу түзүлүп, коомдун бүтүндүгүн камсыздоонун көп кылымдык тажрыйбасы топтолгон. Диний сабырдуулук, маданияттардын өз ара сиңишүүсү жана баюусу оор сыноолорду баштан өткөрүүгө, элдин өзүнчөлүгүн жана анын рухий байлыктарын сактап калууга мүмкүндүк берди.
Эгемендүүлүк жылдарында Кыргыз Республикасында диний бирикмелердин ырасымдык, социалдык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка иштерине чектөөлөр алып салынды. Диний бирикмелердин жана объекттердин саны өстү. Динге кызыгуу, коомдун жана инсандын пайда болуп жаткан глобалдуу жана күнүмдүк маселелерин диний көз караштын призмасы аркылуу кароого жана чечүүгө болгон жарандардын аракети күчөдү. Жаңы ырасымдык тажрыйбалар жана диний бирикмелердин жана жамааттардын көп түрлөрү пайда болду, буга тышкы факторлордун да таасири бар. Аталган процесстердин өнүгүүсү мамлекеттин диний чөйрөдөгү жөнгө салуучулук функциясынын күчөшүнө алып келди.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында түрдүү диний бирикмелер өз иштерин жүргүзүп жатат. Алсак, 2021-жылдын башына карата Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында 3348 диний уюм каттоодон өткөн. Алардын 2930у ислам, 404ү христиан багытындагы уюмдар, ошондой эле 12си Бахаи жамааты, 1 иудей жана 1 буддистер жамааты. Алардын эң ириси болуп мусулмандардын арасында ханафит мазхабын жана матурудий ишенимин сактоону камсыз кылуучу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (мындан ары - КМДБ) эсептелет. Коопсуздуктун заманбап чакырыктарын, маектешүүлөрдү жана диний сабырдуулукту өнүктүрүүнүн зарылдыгын эске алуу менен диний бирикмелер толеранттуулукту, биримдикти жана маданияттардын көп түрдүүлүгүн сактоо боюнча өз ишин жүргүзүп жатышат.
2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруунун алкагында бир катар багыттар боюнча иштер башталган:
- диний бирикмелерди эсептик каттоодон өткөрүү тартипке келтирилди, ушуга байланыштуу өз ишин мыйзамсыз жүргүзүп жаткан бирикмелердин саны азайды;
- диний чөйрөдөгү ЧУАларды өркүндөтүү жана аларды Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү боюнча аракеттер жүргүзүлдү;
- мамлекеттик органдар менен диний бирикмелердин, анын ичинде Конфессиялар аралык кеңеш жана башка эксперттик кеңештердин ортосунда туруктуу маектешүүлөр үчүн аянтчалар түзүлдү жана өнүктүрүлүп жатат;
- КМДБ менен кызматташуунун алкагында дин кызматкерлерин аттестациялоо системасын түзүүгө жана алардын квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөтүлдү;
- диний билим берүү системасынын иштөөсү үчүн негиз түзүлдү, окуу жайларын системалаштыруу, аларга карата окутуунун мазмуну жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча талаптарды иштеп чыгуу жана бекитүү процесси башталды;
- Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын потенциалы бекемделди: эксперттик деңгээли жогорулатылды, эл аралык кызматташтык жөнгө салынды, облустардагы өкүлдөрдүн кызмат орундары түзүлдү, Диний абалды изилдөө борбору иштеп жатат;
- укуктук сабаттуулукту жогорулатуу жана диний негиздеги чыр-чатактардын алдын алуу максатында калк арасында түшүндүрүү, алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча чаралар ишке ашырылды.
2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашырууну баалоонун жыйынтыгы боюнча болуп жаткан проблемалардын жана тобокелдиктердин бир катары актуалдуулугун сактап келүүдө.
Алардын ичинде эң көп коомдук кызуу талкуу жараткан учурлар болуп мамлекеттин светтик мүнөзү принцибин бузуу учурлары эсептелет. Бул бир катар диний жетекчилердин жана дин кызматкерлеринин мамлекеттик жана муниципалдык органдардын иштерине кийлигишүү аракетинен, алардын диний факторду саясий ресурс катары колдонуусунан байкалат.
Ошол эле учурда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кызматтык милдеттерин аткарууда дайыма эле бейтараптык принципти сактай беришпейт. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта өз кызматтык милдеттерин аткаруунун ордуна диний окууларды пропагандалоо тенденциясы жайылууда.
Диний чөйрөдө ченемдик укуктук жөнгө салуунун жетилбегендиги, укуктук коллизиялар, терминдерди жана түшүнүктөрдү аныктоодогу боштуктар укук колдонуу тажрыйбасындагы карама-каршылыктарга алып келүүдө. Мыйзамдардын диний чөйрөдөгү процесстерди жөнгө салуусунун таасирине системалуу мониторинг жүргүзүү жана баалоо жок. Ченем жаратуу процесстери жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдүн динамикасынан артта калууда.
Жарандык иденттүүлүктү түзүүгө багытталган иштиктүү механизмдин жоктугу иденттүүлүктүн башка түрлөрүнүн, анын ичинде диний иденттүүлүктүн басымдуулугуна алып келүүдө. Кээ бир коомдук инсандардын ынанымдык негиздеги сабырсыздыгы, зомбулукка чакыруулары, көп аял алууга, эрте никелешүүгө жана башка басмырлоочу практикаларга үгүттөөсү жана диний жамааттарга карата стереотиптик түшүнүктөрү орун алууда. Диний окуулардын баалуулук-маанилик мазмунун диний сабырдуулукка жана жарандык жоопкерчиликке түрткү берүүчү заманбап, позитивдүү кайрылууларга айландырууга жөндөмдүү адистердин саны жетиштүү эмес.
Дин тутууга жана диний ынанымдарга болгон адам укуктарын камсыз кылуу менен мамлекеттин светтик мүнөзүн сактоо боюнча аракеттерди гармониялуу айкалыштыруу жаатында мамлекеттик органдардын, ЖӨБОнун ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүнүн жана алардын жарандык коом, анын ичинде диний уюмдар менен аракеттерин координациялоонун жетишсиз деңгээли байкалууда.
Мамлекеттик окуу жайлардагы билим берүүдө теологиялык жана дин таануучулук мамилелер чаташтырылып жатат. Диний окуу жайларына коюлган мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптары өркүндөтүлүүгө жана аларды сактоо талаптагыдай контролго алынууга муктаж. Диний окуу жайларында дин жаатында даярдалган квалификациялуу кадрлардын жана диний сабактар боюнча окутуучулардын жетишсиздиги байкалууда. Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдө диний билим алуусуна байланышкан тенденцияларга мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо системасы жок.
Мамлекеттик-конфессиялык мамилелердин калыптанып калган системасына жана конституциялык түзүлүшкө коркунуч келтирүүчү радикалдык диний агымдардын жактоочуларынын өлкөнүн аймагына кирип келүүсүнө жогорку опурталдар байкалат. Экстремисттик идеяларды, диний негизде сабырсыздыкты пропагандалоо жана заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жактоочуларды вербовкалоо жайылууда.
Учурдагы абалга сереп салуу 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттан жаңы концепциясын иштеп чыгуунун жана аны ишке ашыруунун зарылдыгын көрсөттү.
2. Максаты, милдеттери жана принциптери
Концепция алкактык документ жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында аныкталган диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу боюнча максаттарга, милдеттерге жана кечиктирилгис чараларга карата мамлекеттин көз карашы болуп саналат.
Мамлекеттик саясаттын чаралары диний чөйрөдөгү өнүгүүгө, өз ара аракеттенүүгө жана тынчтык курууга багытталган. Мамлекет мыйзамдын үстөмдүгүн, диний чөйрөнү жөнгө салуучу мыйзамдардын аткарылышына контролду камсыз кылат.
Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын максаты болуп светтик принципти, абийир жана дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу, мамлекеттик-конфессионалдык кызматташууну өнүктүрүү жана диний бирикмелердин ишин жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү эсептелет.
Коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкүдөй милдеттерди чечүү зарыл:
1) мамлекетти өнүктүрүүнүн светтик негиздерин бекемдөө, адамдын абийир жана дин тутуу эркиндигине болгон укугун камсыз кылуу, диний жана башка ынанымдарын сыйлоо;
2) диний чөйрөдөгү мыйзамдарды өркүндөтүү;
3) мамлекеттик органдардын, ЖӨБОнун, диний жана коомдук институттардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу системасы аркылуу мамлекеттик-конфессиялык мамилелер субъекттеринин потенциалын жогорулатуу жана кызматташтыгын кеңейтүү;
4) диний билим берүү системасына светтик сабактарды киргизүү, ал эми тиешелүү деңгээлдеги мамлекеттик билим берүү системасына дин таануу сабактарын киргизүү аркылуу диний жана дин таануучу билим берүү системасын өркүндөтүү;
5) диний бирикмелердин толук иштөөсү үчүн шарттарды камсыз кылуу, мыйзамсыз диний иштерге жол бербөө;
6) жалпыга маалымдоо каражаттарында (мындан ары - ЖМК) жана социалдык медиада маалыматтык-түшүндүрүү, агартуу иштерин жандандыруу.
Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат төмөнкүдөй принциптерге ылайык ишке ашырылат:
1) мамлекеттин светтик болушу;
2) адам укуктарын жана эркиндиктерин Кыргыз Республикасынын эң жогорку баалуулуктары катары сыйлоо жана таануу;
3) адамдын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу;
4) диний белги боюнча басмырлабоо жана теңдик;
5) абийир жана дин тутуу эркиндигин, анын ичинде өз алдынча же башкалар менен биргеликте ар кандай динди тутуу же эч бирин тутпоо, диний жана башка ынанымдарын эркин тандоо жана тутуу укуктарын камсыз кылуу;
6) диний жана башка ынанымдарын билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурлоого тыюу салуу;
7) динди жана диний ырасымдарды мамлекеттик башкаруудан ажыратуу, кандайдыр бир диний же башка, анын ичинде атеисттик идеологияны мамлекеттик же милдеттүү катары белгилөөгө тыюу салуу;
8) диний бирикмелердин жана дин кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун ишине кийлигишүүсүнө, диний негизде саясий партияларды түзүүгө, диний бирикмелердин саясий максаттарга умтулуусуна тыюу салуу;
9) аракеттери диний касташууга багытталган саясий партиялардын, коомдук жана диний бирикмелердин ишине тыюу салуу;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды бузган учурлардан тышкары, диний бирикмелердин ички конфессиялык иштерине, анын ичинде диний окуулардын мазмунуна, диний бирикмелердин ички башкаруусуна мамлекеттин кийлигишпөөсү;
11) мыйзам жана сот алдында диний бирикмелердин теңдиги, бардык диний бирикмелердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген бирдиктүү укуктук негиздерди жана дин тутуунун жана диний иштин эркиндигинин кепилдиктерин сактоосу;
12) мамлекеттин диний бирикмелер менен өнөктөштүгү, конфессиялар аралык диалогду жана кызматташууну өнүктүрүү;
13) Кыргызстандын элинин рухий, маданий мурастарын жана диний көп түрдүүлүгүн сактоо.
Ошону менен катар Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык өзгөчө учурларда жана улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо, ошондой эле башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында укуктар мыйзамдарда белгиленген жана көрсөтүлгөн максаттарга тете чектелиши мүмкүн. Ошол эле учурда диний жана башка ынанымдарды эркин тандоо жана аларга ээ болуу укугу эч кандай чектөөгө алынбайт, ошондой эле пикирин, диний жана башка ынанымдарын билдирүүгө жана алардан баш тартууга мажбурлоого тыюу салынат.
3. Артыкчылыктуу багыттар
3.1. Мамлекеттин светтик жана укуктук негиздерин бекемдөө
Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыты болуп мыйзамдардын аракетинин натыйжалуулугуна системалуу жана сапаттуу мониторинг жүргүзүү, боштуктарды жана коллизияларды аныктоо жана жоюу, мыйзамды чечмелөөгө жана колдонууга байланышкан көйгөйлөрдү талдоо жолу менен мамлекеттин конституциялык негиздерин бекемдөө эсептелет.
Диний негизде саясий партияларды түзүүгө жана диний бирикмелердин жана дин кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун ишине кийлигишүүсүнө тыюу салуунун конституциялык принциптерин так сактоону камсыз кылуу максатында колдонуудагы шайлоо мыйзамдарынын жана саясий партиялар жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо зарыл.
Мамлекеттик органдар жана ЖӨБО ар кандай диний жана коомдук институттарды дин маселелерине байланыштуу ЧУА долбоорлорун, улуттук жана жергиликтүү өнүктүрүү пландарын талкуулоого, ошондой эле аларды ишке ашырууга коомдук мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө тартылат. Алардын катышуусу бардык кызыкдар тараптар үчүн кызыктыруучу факторлорду түзүүгө негизделүүгө тийиш.
Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда диний жана коомдук институттардын катышуу принцибин камсыз кылуу үчүн конструктивдүү диалог жана өз ара аракеттенүү механизмдери киргизилет. Алар бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен ушул маселе боюнча туруктуу диалогдук аянтчаларды түзүүгө негизделген.
Ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү диний эркиндиктерди камсыз кылуу жана алардын аракетинин натыйжалуулугу боюнча конституциялык ченемдерге жана эл аралык стандарттарга шайкеш келүүсүнө дин тутуу эркиндиги жана укук колдонуу практикасы боюнча тиешелүү мыйзамдарга талдоо жүргүзүүнү камсыз кылат. Жүргүзүлгөн талдоонун негизинде жарандардын же алардын бирикмелеринин динге болгон мамилелеринин белгилери боюнча сабырсыздыктын жана зомбулук көрүнүштөрүнүн, басмырлоонун, теңдик принциптеринин бузулушунун ар кандай формаларын алдын алуу, бөгөт коюу жана тыюу салуу боюнча укуктук механизм өркүндөтүлөт. Мыйзамды бузгандыгы, дин тутуу эркиндигине болгон укуктарды ишке ашырууга тоскоолдук жараткандыгы үчүн күнөөлүү адамдардын сөзсүз түрдө жазаланышы камсыздалат.
Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган зарыл болгон ЧУАларды даярдоо боюнча талаптарды милдеттүү түрдө сактоо менен аларды өз убагында иштеп чыгууну камсыз кылууга тийиш. ЧУА долбоорлорун кызыкдар тараптардын кеңири катмарын тартуу менен ачык коомдук талкуулоону уюштуруу практикасы кеңейтилет. Бул сунушталып жаткан документтин негиздүүлүгүн жана маанилүүлүгүн ченем чыгаруучу мамлекеттик органга жеткирип, анын кабыл алынуусун тездетүү үчүн зарыл.
Диний бирикмелерди, диний окуу жайларын, чет өлкөлүк диний бирикмелердин миссияларын, диний объектилерди жана ибадатканаларды эсептик каттоонун, диний окуу жайларынын окуу программаларын жана пландарын дин таануучу экспертизадан өткөрүүнүн оптималдаштырылган системасын ишке киргизүү зарыл. Диний объектилерди жана диний окуу жайларын куруу жана профилин өзгөртүү маселелерин регламенттөө жарандардын коопсуздугун жогорулатат. Дин тутуусу боюнча көрүстөндөрдү уюштуруу (ыктыярдуу каалоосун эске алуу менен бир диндеги каза болгондор үчүн уюштурулган көрүстөндөр), ошондой эле диний каада-салттарды эске алып, жалпы көрүстөндөргө коюу маселелерин регламенттөө зарылдыгы бар. Бул жарандын эркин билдирүүсүнө ылайык өлгөндөн кийин каада-салттарды, диний жана ырасымдык ырым-жырымдарды сактоо менен сөөгүн коюу укугун ишке ашырууну камсыз кылат жана бул негиздеги чыр-чатактардын курчуп кетишин төмөндөтөт.
Укуктук маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, жарандарды укуктук жактан агартуу системасын өнүктүрүү, анын ичинде дин маселелери боюнча юридикалык жана эксперттик колдоо алуу үчүн электрондук маалымат ресурстарын жаңылоо жана өнүктүрүү зарыл.
3.2. Мамлекеттик-конфессиялык мамилелердин субъекттеринин потенциалын чыңдоо жана кызматташтыгын кеңейтүү
Концепциянын маанилүү багыты болуп мамлекеттик бийлик органдарынын, ЖӨБОнун жана диний бирикмелердин өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда алардын потенциалын чыңдоо жана өнүктүрүү эсептелет.
Бул үчүн жер-жерлерде мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдарынын, диний жана коомдук институттардын көп тараптуу өнөктөштүгүн жана өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо боюнча кеңештер түзүлүшү керек. Диний бирикмелерди башкаруу системасын институттук өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу зарыл. Диний бирикмелердин, фонддордун, борборлордун, диний окуу жайларынын финансылык-чарбалык ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында башкаруу системасына санариптештирүүнү киргизүүгө көмөк көрсөтүү керек.
Тарыхый жана маданий, анын ичинде диний максаттарда колдонулуп жаткан эстеликтерди реставрациялоо, ошондой эле аз камсыз болгон жарандарга, турмуштук оор шарттардагы үй-бүлөлөргө жана балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга (ДЧМА) колдоо көрсөтүү, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо, үй-бүлөлүк зомбулукка, аялдарга жана балдарга карата башка укукка каршы иштерге бөгөт коюу, балдар жана өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, баңгиликтин, алкоголизмдин алдын алуу, жаза өтөө мекемелеринде жазасын өтөп келген адамдарды социалдык калыбына келтирүү сыяктуу ж.б. коомдук-маанилүү милдеттерди чечүүдө мамлекеттин жана диний бирикмелердин ортосунда социалдык өнөктөштүгүн өнүктүрүү зарыл.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу программаларына диний чөйрөдө мамлекеттик саясат боюнча курстар киргизилүүгө тийиш. Бул диний кырдаалдын абалына мониторинг жүргүзүү жана диний бирикмелер менен өз ара аракеттенүүгө жаңы ыкмаларды камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
3.3. Диний жана дин таануучулук билим берүү системасын өркүндөтүү
Мамлекеттик саясаттын бул багыты диний билим берүүнү системалаштырууга, диндердин жана ынанымдардын көп түрдүүлүгүн сыйлоого байланышкан жана бейтарап академиялык жана диний, ошондой эле динди конфессиялык жактан таанып билүү катары дин таануучулук билим берүүнүн ортосундагы айырмачылыктарды түшүнүү маселелерин актуалдаштырууга чакырылган.
Диний билим берүү
Белгилүү бир диний окуунун негизинде ишке ашырылуучу, окутуу-тарбиялоо процесси катары диний билим алууга укукту ишке ашыруу дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттин ишинин багыттарынын бири болуп эсептелет. Мамлекет диний бирикмелердин диний билим берүү ишин жүзөгө ашыруу укугун, ошондой эле ата- энелердин жана аларды алмаштырган адамдардын жеке ынанымдарына ылайык өз балдарына диний тарбия берүүгө болгон укуктарын тааныйт.
Жарандардын диний билим алуусуна мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында мамлекет өлкөнүн маданий баалуулуктарын жана тарыхый басып өткөн жолун эске алуу менен адамдын укуктарын жана эркиндиктерин кемсинтпей турган диний билим берүү системасын өркүндөтүүгө көмөк көрсөтөт. Диний окуу жайларынын угуучуларын заманбап коомдук процесстерге интеграциялоо жана алардын обочолонуусун алдын алуу зарылдыгын эске алуу менен мамлекеттик органдар диний билим берүү мекемелеринин окуу программаларына керектүү жалпы билим берүүчү сабактарды киргизүүгө да көмөктөшөт жана окуу-методикалык колдоо көрсөтүшөт.
Мамлекет диний окуу жайларынын билим берүү программаларынын мазмунуна укуктук маданияттын, жарандык иденттүүлүгүн, диний түрдүүлүктүн жана диний сабырдуулуктун негиздерин, жашоонун светтик жана диний бейнелеринин шайкеш эриш-аркак болушунун баалуулуктарын киргизүүнү кубаттайт.
Кыргыз Республикасынын жарандарына чет өлкөлөрдө диний билим алууну маалымдоо максатында дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган диний уюмдар менен биргеликте тиешелүү окуу жайлар жөнүндө алардын иштери тууралуу толук маалыматтарды камтуу менен маалыматтык база түзөт.
Мындан тышкары мамлекет диний окуу жайларынын мазмундук жана финансылык-чарбалык ишинин ачык-айкындыгын жогорулатуу боюнча демилгелерге көмөк көрсөтөт. Мамлекет мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, алардын ишине кийлигишпейт. Мамлекет окуу пландарын жана программаларын, курулуш ченемдерин, санитардык- гигиеналык талаптарды, өрт-техникалык коопсуздукту сактоо бөлүгүндө диний окуу жайларынын ишине контролду жүргүзөт.
Дин таануучулук билим берүү
Мамлекет билим берүүнүн саясий жана диний институттардан көз каранды эместик принцибин, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында окутуунун светтик мүнөзүн сактоого кепилдик берет. Бул үчүн мамлекет окутуучунун жекече ынанымдарынан, социумда конкреттүү бир диндин үстөмдүгүнөн, калыптанган коомдук жана изилдөө практикасында ар кандай диний агымдардын өкүлдөрүнө жана атеисттерге карата стереотиптерден эркин болгон окутууну камсыз кылат.
Дин таануу сабактарын окутуу процессинде мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдары окуу материалдарын жалпы дүйнөлүк, региондук жана улуттук маданияттарды өнүктүрүү контекстинде карайт жана берет. Мамлекет Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы диндердин тарыхын, алардын тарыхый-маданий мурасын жана диний уюмдардын ишин изилдөөчү илимий багыттарды жана институттарды түзүүнү жана өнүктүрүүнү кубаттайт.
Дин таануучулук билим берүүнүн жана агартуунун деңгээлин жогорулатуу үчүн мамлекет мектептик билим берүү системасына дин таануу боюнча тиешелүү сабакты окууну киргизип жатат, мугалимдер жана профилдик мамлекеттик органдардын кызматкерлери, жарандык коомдун институттары жана башка кызыкдар тараптар үчүн квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо курстарын иштеп чыгууну жүргүзүп жатат.
3.4. Диний чөйрөдөгү маалыматтык-агартуучулук саясат
Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыты - коомдо мамлекетти өнүктүрүүнүн светтик принцибин түшүнүүнү, мыйзамды сыйлоону калыптандыруу, укуктук маданияттын деңгээлин, санариптик жана медиалык-маалыматтык сабаттуулуктун көндүмдөрүн жогорулатуу. Мамлекет диний ынанымдардын негизинде басмырлоого, касташууга же зомбулукка шыкакчылыктын жана сабырсыздыктын масштабын төмөндөтүү боюнча чараларды көрөт.
Социалдык медианын өсүп келе жаткан ролун эске алып жарандык коом институттарын жана ЖМКларды, анын ичинде социалдык медианын колдонуучуларын, блогерлерди коомго маалымдоо, ошондой эле Концепциянын иш-чараларын ишке ашыруу үчүн маалыматтык-агартуучу жана билим берүү программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга тартуу зарыл.
Бардык кызыкдар тараптардын чагылдырууга жана диалогго түздөн-түз катышуусу ар түрдүү көз караштарды чагылдырууну, басмырлоого жана кастыктын тилин колдонууга жол бербөөнү камсыз кылат.
3.5. Диний негиздеги чыр-чатактардын алдын алуу
Кыргыз Республикасы көп конфессиялуу мамлекет катары диний бирикмелердин шайкеш эриш-аркак болушун, диний жана башка ынанымдарды тандоо жана тутуу укугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү чакырыктарга туш болууда. Бул чакырыктар миссионердик иш, диний тиешелүүлүгүн өзгөрткөн жарандардын сөөгүн коюу, ошондой эле диний негизде турмуштук жана үй-бүлөлүк чыр-чатак маселелерине байланышкан сабырсыздык жана басмырлоо формалары түрүндө болууда. Көбүнчө ЖМК жана социалдык медиа радикалдуу формаларды кабыл алышы мүмкүн болгон диний негиздеги кастыктын тилин билдирүү, араздашууларды козутуу үчүн аянтчага айланат.
Диний негиздеги чыр-чатактардын алдын алуу максатында мамлекеттик органдар жана ЖӨБОлор чыр-чатактардын себептерин жана шарттарын аныктоого жана жоюуга багытталган чараларды көрүүгө тийиш. Жарандык коомдун институттары менен аракеттенүүнү өнүктүрүү, маданияттар аралык жана диндер аралык өз ара түшүнүшүүнү камсыз кылуу зарыл. Ошондой эле диний же ынанымдык белгилери боюнча сабырсыздыкка жана басмырлоого каршылык көрсөтүүгө түрткү берүүчү диалогдорду ишке ашыруу да маанилүү.
Тиешелүү мамлекеттик органдар жана ЖӨБО дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча биргелешкен маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жолго коюуга тийиш. ЖӨБО жана укук коргоо органдары жергиликтүү коомчулук менен өз ара ишенимге жана урматтоого негизделген диалогду өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп, диний негиздеги чыр-чатактуу маселелерди өз убагында аныктап, мыйзамдардын алкаганда чечиши керек. Сабырсыздыкка, басмырлоого тыюу салуу жана экстремизмге каршы аракеттенүү сыяктуу маселелер боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлерин, адвокаттарды, эксперттерди, судьяларды даярдоо жана алардын квалификациясын системалуу жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү керек.
Диний негиздеги чыр-чатактардын алдын алуу боюнча иштердин натыйжалуулугун жогорулатуунун алкагында ЖМКнын, жергиликтүү коомчулуктардын жана жарандык коомдун институттарынын активдүүлүгүнө дем берүү, алдын алуу иш-чараларын ишке ашырууда, коомдогу конфессиялар аралык ынтымак маданиятын жогорулатууда аялдардын, жаштардын, үй-бүлөнүн, диний лидерлердин, билим берүү жана маданият ишмерлеринин ролун күчөтүү зарыл.
4. Концепцияны ишке ашыруунун механизмдери
Концепцияны ишке ашыруунун механизмдери:
- Концепциянын милдеттерин аткарууга багытталган иш-чараларды ишке ашыруу максатында мамлекет менен коомдун күч-аракеттерин бириктирүү;
- Концепцияны ишке ашырууга зарыл болгон ЧУАны өз убагында кабыл алууну камсыз кылуу;
- мамлекеттик органдардын, ЖӨБОнун жана жарандык коомдун институттарынын активдүү өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
- диний бирикмелерди жана жарандык коомдун башка институттарын Концепциядан келип чыккан иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн ишке тартуу, эл аралык уюмдар менен кызматташууну өнүктүрүү;
- диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жөнүндө маалыматтын ачык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, Концепцияны ишке ашырууну маалыматтык коштоо жана кеңири чагылдыруу;
- Концепцияны ишке ашыруунун натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана баалоо, кызыкдар жана жооптуу тараптарга отчетторду берүү;
- Концепцияны ишке ашыруу үчүн материалдык-техникалык жана финансылык каражаттар менен өз убагында камсыз кылуу.
Концепцияны ишке ашыруу жалпы мамлекеттик жана тармактар аралык мүнөзгө ээ.
ЖӨБО жана мамлекеттик органдар аларга жүктөлгөн ыйгарым укуктарга ылайык бөлүгүндө Концепцияны ишке ашырууга жооптуу болуп эсептелет.
Концепцияны ишке ашыруу боюнча ишти координациялоо үчүн жооптуу орган болуп дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эсептелет.
5. Концепцияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Концепцияны натыйжалуу ишке ашыруу максатында бекитилген мөөнөттөрү, орто аралык жана жыйынтык индикаторлору менен аны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана натыйжаларын баалоонун тиешелүү механизмдери жана инструменттери каралган.
Концепцияны ишке ашыруудагы прогрессти баалоо орто аралык жана соңку индикаторлордун негизинде, анын ичинде аны аткарууга тартылган тиешелүү тараптардын пикирлеринин негизинде жүргүзүлөт.
Орто мөөнөттүү баалоонун жыйынтыктары боюнча Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планына тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Жыйынтыктоочу баалоонун натыйжалары кийинки мезгилге стратегиялык документти иштеп чыгуу жана кабыл алуу үчүн негиз болуп калат.