Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 1-ноябры ПЖ № 512
2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болуп саналат. Кыргызстандын эли өзүнүн бийлигин түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары эркин шайлоону коомдун жана мамлекеттин демократиялык түзүлүшүнүн негизги принциптеринин бири катары тааныйт, ал жалпыга бирдей шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү аркылуу өткөрүлүүгө тийиш.
Мамлекет жарандардын шайлоо укуктарынын, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жана шайлануу укуктарынын кепилдиктерин камсыз кылууга милдеттүү. Шайлоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык бардык шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилиндеги иши жарандарга шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо максатында таасир этүүнүн ар кандай формаларын, ошондой эле тигил же бул талапкерди, партиялык тизмени эркин тандоосуна таасир тийгизүүнү болтурбоого багытталууга тийиш.
Ошол эле учурда 1995-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү практикасы Кыргыз Республикасында жогорку демократиялык стандарттарга жооп берген шайлоо жөнүндө мыйзамдар, шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн тартибин толугу менен жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылар болгон учурда да жарандардын шайлоо укуктары мамлекет тарабынан административдик ресурсту пайдалануу жана шайлоо комиссияларынын, укук коргоо органдарынын жана соттордун жол берүүсү менен шайлоо процессинин катышуучуларынын добуштарын сатып алуу аркылуу одоно түрдө бузулушу мүмкүн экендигин толугу менен айгинеледи.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66-беренесине ылайык Президент Конституциянын, адамдын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепили болуп саналаарын, элдин жана мамлекеттин биримдигин камсыз кыларын көңүлгө алуу менен, элдин өз эркин билдирүүсү демократиялык шайлоонун талашсыз шарты экенин эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алуу менен токтом кылам:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, укук коргоо органдарынын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн тиешелүү милдеттерди жана чектөөлөрдү белгилеген шайлоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын так сактасын;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, саясий партиялардын, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамда каралган эркин үгүт жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылсын;
- аткаруу бийлигинин органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салсын;
- талапкерлерге жана саясий партияларга мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына жеткиликтүүлүктүн бирдей шарттарын камсыз кылсын;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга кызмат ордунун же кызмат абалынын артыкчылыктарын кайсы бир талапкердин жана саясий партиянын пайдасына колдонууга тыюу салсын;
- билим берүү мекемелеринин мугалимдерин жана окуучуларын, жогорку окуу жайларынын окутуучуларын жана студенттерин, социалдык камсыз кылуу органдарынын кызматкерлерин, медициналык мекемелердин персоналын, башка мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, калкты тейлеген мекемелер менен ишканалардын кызматкерлерин кандайдыр бир талапкердин жана саясий партиянын пайдасына шайлоо алдындагы үгүт иштерине тартууга тыюу салсын;
- шайлоо алдындагы үгүт иштерине мыйзамсыз катышкан жана кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын талапкерлердин жана саясий партиялардын пайдасы үчүн колдонгон аткаруу бийлигинин органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызмат адамдарын, ведомстволук уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерин кечиктирбестен тартип жоопкерчилигине тартсын, ал эми зарыл болгон учурда ээлеген кызматынан бошотсун.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жарандардын шайлоо укуктарынын сакталышына, шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын жоболорунун аткарылышына катуу контролду жүргүзүү, алардын шайлоо комиссиялары тарабынан бир түрдүү колдонулушун камсыз кылуу, шайлоо жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча зарыл чараларды көрүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде:
- шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын аткарылышына натыйжалуу прокурордук кезөмөлдү камсыз кылсын, ким тарабынан болбосун шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузуу фактыларын өз убагында табууга жана болтурбоого жетишсин;
- мыйзамдуулуктун бузулгандыгы жөнүндө арыздардын жана билдирүүлөрдүн келип түшкөн-түшпөгөнүнө карабай, дайыма көзөмөл жүргүзүп турсун;
- ар бир табылган шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузуунун фактысы боюнча мыйзамда белгиленген тартипте өз убагында прокурордук чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен тыгыз өз ара аракеттенип, жарандардын шайлоо укуктарын, шайлоо жөнүндө мыйзамдардын жоболорун бузган мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) шайлоочулардын, саясий партиялардын, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын арыздарын жана даттанууларын оперативдүү кароону камсыз кылсын;
- саясий экстремизмге, конституциялык түзүлүшкө кол салууга, расалык, этностор аралык, социалдык же диний жек көрүүчүлүктү козутууга, зомбулукту жана согушту пропагандалоого каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдардын аткарылышына прокурордук көзөмөлдү активдештирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо процессинин катышуучуларынын бардык келип түшкөн арыздарын жана даттанууларын өз убагында кароону камсыз кылуу жана шайлоо талаштарын кароонун бирдей соттук практикасын аныктоо боюнча зарыл чараларды көрүү сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын катышуусунда шайлоо процессинин жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан келген эл аралык байкоочулардын кеңири катышуусун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн жана аларга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткаруусуна көмөк көрсөтсүн.
Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет жана жарыяланууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |