Загрузка документа…
КР Президентинин 2024-жылдын 6-декабрындагы ПЖ № 345 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 1-ноябры ПЖ № 515
“Бишкек-Сити” эл аралык ишкердик борборун куруу” долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө
(КР Президентинин 2022-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 73, 2022-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 249 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
Социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуу, инвестицияларды тартуу жана Бишкек шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция (мындан ары - Дирекция) түзүлсүн.
(КР Президентинин 2022-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 249 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Дирекция “Бишкек-Сити” эл аралык ишкердик борборун (мындан ары - ишкердик борбор) куруу мезгилине түзүлөт деп белгиленсин.
3. Дирекцияга төмөнкү функциялар жүктөлсүн:
- ишкердик борбордун долбоорун ишке ашыруу боюнча;
- ишкердик борбордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу, долбоорлоо жана куруу боюнча заказ берүүчү;
4. (КР Президентинин 2022-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 73 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте:
- ишкердик борборду куруу үчүн жер участогун инвентаризациялоо жана берүүгө даярдоо боюнча ишти белгиленген тартипте жүргүзсүн;
- Дирекцияны зарыл жайлар менен камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин, анын штаттык санын аныктасын;
- "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борбордун жайгашкан жерин аныктасын.
(КР Президентинин 2022-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 73, 2022-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 249 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |