Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 29-октябры ПЖ № 506
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 95-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. 2021-жылдын 4-ноябрынан тартып курагынын чегине жеткенге чейин төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын:
- Абылкасымова Гулнара Абдымыктаровна;
- Айдаралиева Венера Калмуратовна;
- Жеңишбек уулу Жолдошбек;
- Жунусов Сапарбек Токонович;
- Калдыбаев Руслан Джаныбекович;
- Калматов Ниязбек Курманбекович;
- Кермалиев Нурмухамбет Байысбекович;
- Сейдакмат кызы Назира;
- Токтобаев Айбек Болотович;
- Турсункулов Бообек Шамалбекович;
- Турусбеков Акылбек Джусупбекович;
- Шаршенбиева Айнура Турарбековна;
- Шатманов Дуйшенкул Жээнбекович;
- Эсенгулова Асел Токтакуновна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |