Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 14-декабры № 398-б
Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 13-мартындагы№ 25 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик жана Гранттык макулдашууларга (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) “Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн “Электр станциялар” ачык акционердик коомуна Азия өнүктүрүү банкынын кредиттик жана гранттык каражаттарын төмөнкүлөрдү эске алуу менен берсин:
-40 000 000 (кырк миллион) АКШ доллары суммасындагы Азия өнүктүрүү банкынын грантынын каражаттарынын 100 пайызын “Электр станциялары” ачык акционердик коомуна уставдык капиталга төгүм түрүндө;
-60 000 000 (алтымыш миллион) АКШ доллары суммасындагы Азия өнүктүрүү банкынын кредитинин 100 пайызын төмөнкүдөй шарттарда кредит түрүндө:
кредиттин мөөнөтү - 24 жыл, анын ичинде жеңилдетилген мезгил - 8 жыл;
кредиттик каражаттарды пайдалануу үчүн пайыздык ставка – жылдык 1,5 пайыз, ал иш жүзүндө алынган негизги суммага колдонулат;
күрөөлүк камсыздоосуз;
кредиттин негизги суммасын төлөөнүн мезгилдүүлүгү - жеңилдетилген мезгил аяктагандан кийин, 2028-жылдын 10-октябрынан тартып 2044-жылдын 30-октябрына чейин, ай сайын, бирдей төлөмдөр менен;
эсептелген пайыздарды төлөөнүн мезгилдүүлүгү - ай сайын, мында эсептөөлөр кредиттин каражаттарын алган учурдан башталат;
финансылык санкциялар - мөөнөтү өтүп кеткен карыздын суммасынын жылдык 3 пайызы.
кредиттин валютасы - АКШ доллары;
2) жогоруда аталган шарттарды эске алуу менен “Электрстанциялар” ачык акционердик коому менен Субсидиардык каржылоо жөнүндө макулдашууну белгиленген тартипте түзсүн жана аны аткарууну камсыз кылсын.
2. “Электр станциялар” ачык акционердик коомуна ушул буйруктун 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн каражаттарды максаттуу гана пайдалануу жана кредиттик каражаттарды Субсидиардык каржылоо жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык кайтарып берүүнү камсыз кылуу сунушталсын.
3. “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коомуна ушул буйруктун 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн кредиттик каражаттардын “Электр станциялар” ачык акционердик коому тарабынан максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын жана өз убагында кайтарылышын контролдоону камсыз кылуу сунушталсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
|
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
| А.Э.Новиков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 265-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2020-жылдын 14-декабры № 398-б
Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 13-мартындагы№ 25 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик жана Гранттык макулдашууларга (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) “Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн “Электр станциялар” ачык акционердик коомуна Азия өнүктүрүү банкынын кредиттик жана гранттык каражаттарын төмөнкүлөрдү эске алуу менен берсин:
-40 000 000 (кырк миллион) АКШ доллары суммасындагы Азия өнүктүрүү банкынын грантынын каражаттарынын 100 пайызын “Электр станциялары” ачык акционердик коомуна уставдык капиталга төгүм түрүндө;
-39 500 000 (отуз тогуз миллион беш жүз миң) АКШ доллары суммасындагы Азия өнүктүрүү банкынын грантынын каражаттары “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун уставдык капиталына төгүм түрүндө;
-500 000 (беш жүз миң) АКШ доллары суммасындагы Азия өнүктүрүү банкынын грантынын каражаттары - энергетика секторундагы реформаларды колдоо үчүн;