КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 5-ноябры ПЖ № 517
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 11-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп шайлангандыгына байланыштуу мурда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Сейдакматова Аида Асанбекованын ыйгарым укуктары токтотулду жана ал ээлеген кызматынан 2021-жылдын 20-октябрынан тартып бошотулду деп эсептелсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |