Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 8-декабры ПЖ № 550
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 96-беренесинин З-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 8-пунктунун 2-бөлүгүнө жана З-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотуна мурда жөнөтүлгөн Аматов Нурлан Тологонович каза болгондугуна байланыштуу анын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду жана ал ээлеген кызматынан 2021-жылдын 8-ноябрынан тартып бошотулду деп эсептелсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |