Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2004-жылдын 3-декабры ПЖ № 432
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Телекөрсөтүүгө жана радиоуктурууга сиңирген эмгеги үчүн:
"Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер"
деген ардактуу наам берилсин:
Данильченко Любовь Михайловнага - "Мурас" чыгармачыл-өндүрүш бирикмесинин режиссеру;
Молдоева Гүлшан Абыкаевнага - Телекөрсөтүү студиясынын диктору;
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Казыбаева Алла Ширгебаевна - Радиоуктуруунун координациялык борборунун эфирдик продюсери;
Мурзина Надежда Николаевна - Республикалык радиотелеборбордун телекөрсөтүү цехинин начальнигинин орунбасары;
Мусакеев Орозбек Молдоевич - Балдар-жаштар программалары жана күндүзгү блок студиясынын редактору;
Турдакунова Шарапат Мамажановна - "Казына" чыгармачыл-өндүрүш бирикмесинин баяндамачысы.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А. Акаев |