Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2004-жылдын 22-декабры ПЖ № 442
Республиканын сот органдарынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын сот органдарындагы көп жылдык үзүрлүү иши үчүн
"Даңк" медалы менен сыйлансын:
Абдыралиев Аскар - эмгектин ардагери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун аппаратындагы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн улук референти;
Бейшембаева Жийде - эмгектин ардагери;
Осмонов Курманбек Эргешович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы.
Мыйзамдуулукту чыңдоого сиңирген эмгеги жана сот органдарындагы көп жылдык үзүрлүү иши үчүн:
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи" деген ардактуу наам берилсин:
Мамбеталиева Альмира Жукешевнага - Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы;
Саркишев Келсинбек Дыйканбаевичке - Талас областтык сотунун төрагасы.
Мыйзамдуулукту чыңдоого сиңирген эмгеги жана сот органдарындагы үзүрлүү иши үчүн:
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Крицкая Светлана Михайловна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы;
Бешкоруков Орозбек Молдокматович - Токмок шаардык сотунун төрагасы Чүй областы;
Пазылов Сүйөркүл Чегиевич - Ош областтык сотунун судьясы;
Өмүралиев Апас Сакишович - Жумгал райондук сотунун төрагасы, Нарын областы;
Шерматов Мырзамамат Ташиевич - Жалалабат областтык сотунун төрагасынын орунбасары.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А. Акаев |