Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 30-ноябры ПЖ № 534
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотуна мурда жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Ыманбеков Памирбек Жакыпбековичтин ыйгарым укуктары 5 жылдык мөөнөт бүткөндүгүнө байланыштуу токтотулду жана ал ээлеген кызматынан 2021-жылдын 23-мартынан тартып бошотулду деп эсептелсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |