Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 6-декабры ПЖ № 547
Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө
Айылдык товар өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жер салыгынан бошотууга байланыштуу жергиликтүү бюджеттин жоготууларын компенсациялап, 2022-жылдан баштап 2024-жылды кошуу менен айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгын төлөөдөн бошотуу каралган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |