Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 10-декабры ПЖ № 557
Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө системасын жакшыртуу жана билим берүү уюмдарынын финансылык ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу боюнча айрым чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2024-жылдын 8-июлундагы ПЖ № 180 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Билим берүү чөйрөсү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп эсептелет.
Ар бир адамдын билим алууга укугу Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген.
Билим алууга конституциялык укук билим алуучулардын ар түрдүү укуктары, эркиндиктери жана милдеттери бар экенин билдирет. Ошол эле учурда билим алуучулардын укуктарын жана муктаждыктарын камсыз кылуу мамлекеттин маселеси жана милдети болуп эсептелет.
COVID-19 коронавирустук инфекциясынын пандемиясы жайыла баштаган жана республиканын аймагында өзгөчө кырдаал (абал) режими киргизилген учурдан тартып студенттердин контракттардын наркын төмөндөтүү, окуусу үчүн акы төлөөнүн мөөнөтүн узартып берүү, акы төлөө системасын кайра карап чыгуу жөнүндө кайрылууларынын саны өстү.
Мындай кайрылуулардын санынын өсүшү биринчи кезекте пандемиянын убагында көптөгөн үй-бүлөлөр киреше булагын жоготкондугу жана окуунун толук наркын төлөө мүмкүнчүлүгүнөн ажырагандыгы менен байланышкан.
Кыргыз Республикасында 73 жогорку окуу жайы (мындан ары - ЖОЖ), анын ичинде 33 мамлекеттик жана 40 мамлекеттик эмес ЖОЖ бар. 2020-2021-окуу жылы ЖОЖдордун студенттеринин контингенти 219030 адамды түздү, анын ичинде 184871 студент мамлекеттик, 34159 студент мамлекеттик эмес ЖОЖдордо билим алышат, 26446 студент гранттык негизде, 192584 студент контракттык негизде окуйт.
Окутуунун орточо наркы мамлекеттик ЖОЖдордо жылына Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 32391 сомду, чет өлкөлүк жарандар үчүн 48876 сомду түзөт. Жеке менчик ЖОЖдордо окутуунун орточо наркы жылына Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 55100 сомду, чет өлкөлүк жарандар үчүн 96396 сомду түзөт.
Ошондой эле республикада 153 орто кесиптик окуу жай (мындан ары - орто окуу жайы), анын ичинде 48 мамлекеттик, мамлекеттик ЖОЖдордун курамында 44 жана 61 мамлекеттик эмес орто окуу жайы бар. 2020-2021-окуу жылы орто окуу жайларынын студенттеринин контингенти 95991 студентти түздү, анын ичинде 11685 студент бюджеттик негизде, 84306 студент контракттык негизде окуйт.
Окутуунун орточо наркы Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн мамлекеттик орто окуу жайларында жылына 19400 сомду түздү, жеке менчик орто окуу жайларында окутуунун наркы 18000 сомдон баштап 53000 сомго чейин болот.
Ошол эле мезгилде калктын коомдук-мамлекеттик кам көрүүгө муктаж категорияларынын арасынан жетим балдар жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдар өзгөчө орунду ээлейт, алар колдоо көрсөтөөр үй-бүлөсү жана туугандары жок болгондуктан жашоосунда көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болушат.
Жетим балдарга жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарга кам көрүү мамлекеттин социалдык милдети болуп эсептелет.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27-беренесинде мамлекет жетим балдарга жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарга 18 жашка чейин камкордук көрөт, тарбиялайт жана окутат деп белгиленген. Ошол эле учурда аларга башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билимди акысыз алууга шарт түзөт. Аларга социалдык камсыздоо көрсөтүлөт.
Акысыз билим алуу шарттарынын түзүлүшүнө муктаж болгон адамдардын категориясына бала кезинен майып адамдар, майып балдар, I жана II топтогу майып жарандар да кирет.
Билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жарандардын аталган категориялары үчүн жогорку окуу жайларына кирүүдө белгилүү бир жеңилдиктер каралган.
Бирок көрүлүп жаткан чаралар жарандардын аталган категорияларына реалдуу жардам көрсөтүү үчүн жетишсиз.
Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын студенттерине, жетим балдарга, ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарга, бала кезинен майып адамдарга, майып балдарга, I жана II топтогу майып жарандарга колдоо көрсөтүү, аталган билим берүү уюмдарынын финансылык ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- (абзац КР Президентинин 2024-жылдын 8-июлундагы ПЖ № 180 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- жетим балдарга, ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарга, бала кезинен майып адамдарга, майып балдарга, I жана II топтогу майып жарандарга Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдары үчүн мамлекеттик билим берүү гранттарынын жалпы санынын 5%ы санындагы квоталар жыл сайын берилип турууга тийиш.
(КР Президентинин 2024-жылдын 8-июлундагы ПЖ № 180 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө төмөнкүлөр боюнча зарыл чараларды көрсүн:
- менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген студенттерине акы төлөнүүчү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркын 10 айдын ичинде (студенттин каалоосу боюнча) ай сайын бирдей бөлүк менен төлөө мүмкүндүгүн берүү;
- Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын чыгашалар жана кирешелер, анын ичинде социалдык эсеп боюнча чыгашалар сметасын аткаруусун контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын мамлекеттик үлүш катышкан банктарда тейлөөгө өткөрүү.
3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын бюджеттик жана атайын каражаттарды максаттуу пайдалануусуна аудиттин натыйжалуулугун көтөрсүн жана жыл сайын 1-апрелге чейин аудит жөнүндө отчетторду Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына, анын ичинде билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөн келип түшкөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышына системалуу түрдөә көзөмөл жүргүзсүн жана жыл сайын 1-апрелге чейин тиешелүү маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |