Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 21-декабры ПЖ № 571
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө
Инвестицияларды тартуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында инфраструктураны өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция (мындан ары - Мамлекеттик дирекция) түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
- эки жумалык мөөнөттө Мамлекеттик дирекция жөнүндө жобону бекитсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу финансылык, уюштуруучулук жана башка маселелерди чечсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 24-декабрындагы № 154 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |