Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 23-декабры ПЖ № 575
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын кайра атоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоо, мындан ары улуттук, тарыхый каада-салттардын жана баалуулуктардын негизинде жарандарды руханий-адеп-ахлактык тарбиялоону жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын чыгаан мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззакович Раззаковдун ысымын түбөлүккө каптыруу максатында, анын мамлекеттүүлүктү калыптандырууга жана өнүктүрүүгө сиңирген зор эмгегин эске алып, туулган күнүнүн 110 жылдыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жана 86-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө:
1) Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаары деп кайра атоо маселесин белгиленген тартипте карасын;
2) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиешелүү долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жогоруда аталган мыйзам долбоорун кезексиз тартипте кароо сунушталсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |