Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 20-декабры ПЖ № 567
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. Баткен облусунун Кадамжай райондук сотуна жана Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна мурда жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары 5 жылдык мөөнөт бүткөндүгүнө байланыштуу токтотулду жана алар ээлеген кызматынан 2021-жылдын 2-декабрынан тартып бошотулду деп эсептелсин:
Момбаев Жанибек Пахридинович;
Бекишова Махабат Таныбековна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |