Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 27-декабры ПЖ № 579
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна жана 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу менен байланышпаган башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу мурда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Касымбеков Алмаз Салмоорбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду жана ал ээлеген кызматынан бошотулду деп эсептелсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |