Документке
Мурунку17.12.2021

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2021-жылдын 17-декабры ПЖ № 566

Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө

Туристтик тармактын субъекттерин мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, туристтик инфратүзүмдү (анын ичинде транспорттук, коммуналдык, инновациялык, оюн-зооктук жана туризм чөйрөсүнө тартылган башка инфратүзүмдөрдү) реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн инструменттерди өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" мамлекеттик мекемесин белгиленген тартипте түзсүн;

- Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

С.Н. Жапаров

Тиркеме

Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамы

Жапаров Акылбек Усенбекович

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Улуттук кеңештин төрагасы;

Байсалов Эдиль Жолдубаевич

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары.

Улуттук кеңештин мүчөлөрү:

Амангельдиев Данияр Джолдошевич

-

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;

Бакетаев Алмаз Кушбекович

-

Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Жаманкулов Азамат Капарович

-

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

Калашникова Елена Анатольевна

-

Кыргыз-Россия "Ак-Сай Тревел" биргелешкен ЖЧКсынын директору, Туроператорлордун Кыргыз ассоциациясынын президиумунун кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Ражиев Асылбек Жарашбекович

-

"Hospitality Kyrgyzstan" (Хоспиталити Кыргызстан) коомдоштуктарына негизделген "Кыргыз Туризм Ассоциациясы" ЮЖБнын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Шабданов Эльдар Бекбоевич

-

"Park Palas" (Парк Палас) ЖЧКсынын башкы менеджери, "Мейманкана жана ресторандык бизнес ассоциациясы" ЮЖБнын мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Мусабаева Алтынай Талайбековна

-

Кыргыз-Россия "Ак-Сай Тревел" биргелешкен ЖЧКсынын директорунун башкы ассистенти (макулдашуу боюнча);

Акибаев Асхат Акибаевич

-

Дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясынын долбоорлорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча).

Жаңы11.03.2022

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2021-жылдын 17-декабры ПЖ № 566

Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө

(КР Президентинин 2022-жылдын 11 мартындагы ПЖ № 76 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Туристтик тармактын субъекттерин мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, туристтик инфратүзүмдү (анын ичинде транспорттук, коммуналдык, инновациялык, оюн-зооктук жана туризм чөйрөсүнө тартылган башка инфратүзүмдөрдү) реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн инструменттерди өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомун белгиленген тартипте түзсүн;

- Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин.

(В редакции Указа Президента КР от 11 марта 2022 года УП № 76)

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

С.Н. Жапаров

Тиркеме

Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамы

(КР Президентинин 2022-жылдын 11 мартындагы ПЖ № 76 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Жапаров Акылбек Усенбекович

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Улуттук кеңештин төрагасы;

Байсалов Эдиль Жолдубаевич

Алмакучуков Окмотбек Мукашович

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары.

- коомдук башталышта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кеңешчиси (макулдашуу боюнча).