КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 17-декабры ПЖ № 566
Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө
(КР Президентинин 2022-жылдын 11 мартындагы ПЖ № 76 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Туристтик тармактын субъекттерин мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, туристтик инфратүзүмдү (анын ичинде транспорттук, коммуналдык, инновациялык, оюн-зооктук жана туризм чөйрөсүнө тартылган башка инфратүзүмдөрдү) реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн инструменттерди өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомун белгиленген тартипте түзсүн;
- Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин.
(В редакции Указа Президента КР от 11 марта 2022 года УП № 76)
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамы
(КР Президентинин 2022-жылдын 11 мартындагы ПЖ № 76 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Жапаров Акылбек Усенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Улуттук кеңештин төрагасы; |
Байсалов Эдиль Жолдубаевич
Алмакучуков Окмотбек Мукашович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары. - коомдук башталышта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кеңешчиси (макулдашуу боюнча).
|
Улуттук кеңештин мүчөлөрү: | ||
Амангельдиев Данияр Джолдошевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри; |
Бакетаев Алмаз Кушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Жаманкулов Азамат Капарович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри; |
Калашникова Елена Анатольевна | - | Кыргыз-Россия "Ак-Сай Тревел" биргелешкен ЖЧКсынын директору, Туроператорлордун Кыргыз ассоциациясынын президиумунун кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Ражиев Асылбек Жарашбекович | - | "Hospitality Kyrgyzstan" (Хоспиталити Кыргызстан) коомдоштуктарына негизделген "Кыргыз Туризм Ассоциациясы" ЮЖБнын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Шабданов Эльдар Бекбоевич | - | "Park Palas" (Парк Палас) ЖЧКсынын башкы менеджери, "Мейманкана жана ресторандык бизнес ассоциациясы" ЮЖБнын мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Мусабаева Алтынай Талайбековна | - | Кыргыз-Россия "Ак-Сай Тревел" биргелешкен ЖЧКсынын директорунун башкы ассистенти (макулдашуу боюнча); |
Акибаев Асхат Акибаевич | - | Дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясынын долбоорлорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча). |